Жаңы эреже 1-сентябрдан тарта күчүнө кирет.
Караңгылатуу үчүн уруксат алуу акысы (бир жылга):
▪️Жеке автоунаасы барларга 50 миң сом (мурда 80 миң болчу)
▪️Юридикалык жактарга 70 миң сом (Мурда 100 миң болчу)
▪️Чет элдик жарандарга 90 миң сом (мурда 120 миң болчу)
Терезе караңгылатууга уруксатты онлайн алса да болот. Учурда сервисти мобилдик тиркемелерге интеграциялоо иштери жүрүп жатат.
“Унаа” мамлекеттик ишканасынын бөлүмдөрүнө барганда “Түндүк” тиркемеси аркылуу электрондук документтерди көрсөтүүгө болот.