Кыштын кычыраган чилдеси, январдын биринчи он күндүгүндө Баткенде өрүктөр гүлдөй баштады. Өрүк бактары боюнча мыкты адис Турсунали Төлөмүшевдин айтуусунда мындай кырдаал өтө кооптуу. Эрте гүл ачкан өрүк бактары н үшүк алып, эрте жазда каразаңга айланып, түшүм болбой калуу коркунучу бар. Өзбекстан менен Тажикстанда да ушундай абал. Ошондон улам, базарларда кургатылган өрүктөрдүн баасы өскөндүгү байкалат дейт баткендик багбан Турсунали Төлөмүшев.