Бүгүн, 17-апрелде Баткен шаарында КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн алдындагы бизнести жана инвестицияларды өнүктүрүү боюнча кеңешинин үчүнчү отуруму өтүп жатат.
Жыйынга Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү генерал-майор, кеңештин төрагасы Абдикарим Алимбаев, Кыргыз Республикасынын Соода- өнөр жай палатасынын Президенти Темир Сариев, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министринин биринчи орун басары Чоро Сейитов, Кыргызстандагы Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасынын мамлекеттик башкаруу жана социалдык биримдик командасынын жетекчиси Эркина Уразбаева, район-шаарлардын аким-мэрлери, тиешелүү министрликтердин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү катышууда.
Иш чаранын жүрүшүндө кеңештин экинчи отурумунда көтөрүлгөн маселелердин чечилиши боюнча отчет берилди.
Андан кийин жыйындын күн тартибинде бекилген агрокластерлерге кирүү боюнча түшүнүк жана кластерлерди ишке ашыруу үчүн сатып алуучуну табуу, асыл тукум жана сүт багытындагы малдарга ээ потенциалы жогору фермерлерге бөлүнгөн жерлерди узак мөөнөткө бекитип берүү, балык чарбасын өнүктүрүү, стартаптарды колдоо мамлекеттик фондун түзүү жана ар түрдүү ишкерлер чөйрөсүндөгү маселелер талкууга алынды.
Кеңештин максаты – аймакта бизнес-чөйрөнү жана инвестициялык климатты жакшыртуу, ишкердик субъекттерин укуктук коргоо механизмдерин өркүндөтүү боюнча мамлекеттик бийлик органдарынын, бизнес-коомчулук менен туруктуу диалогун жана натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүн түзүү.
Белгилей кетсек, Кеңештин ишин илгерилетүү жана каржылоо ПРООН тарабынан колдоого алынган.