Синоптиктер май айында Кыргызстанда кандай аба ырайы күтүлүп жатканын жарыялады.
Жаздын соңку айында өлкөдө абанын орточо температурасы нормадан 1-1,5 градуска жогору болушу күтүлүүдө:

Чүй облусунда орточо 17… 19, күндүз 20-25 градустан 30-35 градуска чейин ысык болушу мүмкүн

Ош, Жалал-Абад жана Баткенде орточо 19… 21, айрым жерлерде 35ке чейин ысык болот

Ысык-Көлдө орточо 12… 14

Таласта 16… 18

Нарында 12… 14
Жаан-чачындын айлык көлөмү климаттык нормага жакын, бирок тоо этектериндеги райондордо жана Ысык-Көлдө нормадан арбын болору айтылды.
Ж.Абдуллабаева