Баткенде энергетиктердин кесиптик чеберчилиги боюнча мелдеш жыйынтыкталды.

Соц.тармактарда бөлүшүү

2024-жылдын 19-июль күнү «Кыргызстан» УЭТ ААКнын филиалы- Баткен электр тармактар ишканасына караштуу райондук электр тармактар ишканаларынын энергетиктери арасында кесиптик чеберчилик боюнча мелдеш өттү.

Мелдеш 5 этаптан турат жана 5 команда катышты
Иш-чара оңдоо иштеринин сапатын жана коопсуздугун жогорулатуу, кызматкерлердин кесиптик даярдыгын текшерүү, ошондой эле 0,4-6-10 кВ бөлүштүрүүчү тармактарды оңдоо жана тейлөө боюнча тажрыйба алмашуу максатында өткөрүлдү
Бөлүштүрүүчү тармактарды тейлеген электр монтер аварияларды жоюуга, электр линияларын курууга, реконструкциялоого жана техникалык жактан кайра жабдууга катышууга милдеттүү. Энергетиктердин кесипкөйлүгү энергетикалык жабдуулардын үзгүлтүксүз иштешин жана анын натыйжасында энергетика системасынын ишенимдүүлүгүн жана коопсуздугун түздөн-түз аныктайт. Мындай сынактарга катышуу чеберчиликти жогорулатууга, тажрыйба алмашууга жардам берет.
Катышуучулар практикалык тапшырмалардын үч түрүн аткарып, коопсуздук чараларын жана электр орнотмолорун техникалык эксплуатациялоо эрежелерин билүү боюнча бир теориялык экзамен тапшырышы керек. Практикалык милдеттердин бирине жабырлануучуну электр тогунун таасиринен бошотуу жана биринчи жардам көрсөтүү кирет.

Мелдеш кызыктуу көрүнүштөр менен коштолуп, жыйынтыгында Баткен РЭТ ишканасынын энергетиктери 1-орунду камсыз кылышты.


Соц.тармактарда бөлүшүү

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *