16-апрель күнү ыкчам маалыматтын негизинде “Капчыгай” чек ара заставасынын башчысы капитан А.Баитов менен биргеликте болжол менен саат 04:20 чамасында “Капчыгай” чек ара заставасынын жооптуу аймагындагы “Дача” жергилигинен “Сыр” чек ара кезмети коюлуп, Тажик Республикасынын Ходжаи-Аълоо айылынан ак түстөгү спринтер, мамлекеттик номери 02 KG 804 AB0 авто унаасы токтотулган.
Авто унаанын айдоочусу кыргыз жараны Талантбек уулу Таалайбек 15.05.2004-жылы туулган Баткен областынын Баткен районунун Самаркандек айылынын тургуну. Токтотулган унаанын ичинде Тажик Республикасында өндүрүлгөн 3 100 кг кургатылган өрүк бар экендиги аныкталды. Бул жүктүн ээси КРнын жарааны Өмүров Нурмухамед Кенжетаевич 12.03.1999-ж.т., Баткен облусунун Баткен районунун Үч-Дөбө айылынын тургуну .
Жүктүн жалпы баасы болжол менен 750 000 сомду түзөт.
Кармалган жүккө карата тиешелүү иш кагаздар толтурулууда. Жыйынтыгы боюнча кошумча баяндалат.