"Баткен таңы" коомдук-саясий гезити

Баткенде аткезчилик менен ташылган 750 миң сомдук кургатылган өрүк кармалды

Соц.тармактарда бөлүшүү

16-апрель күнү ыкчам маалыматтын негизинде “Капчыгай” чек ара заставасынын башчысы капитан А.Баитов менен биргеликте болжол менен саат 04:20 чамасында “Капчыгай” чек ара заставасынын жооптуу аймагындагы “Дача” жергилигинен “Сыр” чек ара кезмети коюлуп, Тажик Республикасынын Ходжаи-Аълоо айылынан ак түстөгү  спринтер,  мамлекеттик номери 02 KG 804 AB0 авто унаасы токтотулган.

Авто унаанын айдоочусу  кыргыз жараны  Талантбек уулу Таалайбек 15.05.2004-жылы туулган  Баткен областынын Баткен районунун Самаркандек айылынын тургуну. Токтотулган унаанын ичинде  Тажик Республикасында өндүрүлгөн 3 100 кг  кургатылган өрүк бар экендиги аныкталды. Бул жүктүн ээси КРнын жарааны Өмүров Нурмухамед Кенжетаевич 12.03.1999-ж.т., Баткен облусунун Баткен районунун Үч-Дөбө айылынын тургуну .

Жүктүн жалпы баасы болжол менен 750 000 сомду түзөт.

Кармалган жүккө карата тиешелүү иш кагаздар толтурулууда. Жыйынтыгы боюнча кошумча баяндалат.


Соц.тармактарда бөлүшүү
Exit mobile version