Баткенде “Апрель” жана “Жоогазын” революциясына арналган илимий конференция өттү

Соц.тармактарда бөлүшүү

Бүгүн Баткен Мамлекеттик Университетинде 24-март жана 7-апрель революцияларынын тарыхый маанисин талкуулаган “Элдик революциянын саясий сабактары жана тарыхый таасирлери” аттуу илимий-практикалык конференция өттү.
Конференциянын максаты – бул революцияларды анализдеп, анын саясий, социалдык жана экономикалык таасирин карап, коомго тийгизген узак мөөнөттүү таасирин талкуулоо болду.
Конференцияга катышкан КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Жаныбек Исаков 24-март жана 7-апрель революциялары кыргыз элинин авторитардык бийликке каршы турушун көрсөткөнүн, өлкөдө тынчтык, туруктуулук орноп, кыргыз мамлекеттүүлүгү бекемделгенин белгиледи.
Иш чара Баткен Мамлекеттик Университетинин ректору Айдар Гыязовдун баяндамасы менен улантылып, окуу жайдын доценти Шайыр Шеров 2005-2010-жылдардагы түстүү революциялар тууралуу сөз кылды.
Конференциянын аягында 24-март жана 7-апрель окуяларында курман болгон мекендештердин арбайына багышталып куран окулду.


Соц.тармактарда бөлүшүү

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *