БАТКЕН: СЕЛДИН КЕСЕПЕТТЕРИ ЧЕТТЕТИЛҮҮДӨ

Соц.тармактарда бөлүшүү

Өкүл өзү баш болуп кырсык катталган аймактарда жүрөт.

Баткен облусунун Кадамжай, Лейлек, Баткен райондорунда күтүүсүз келген сел жергиликтүү тургундарды олуттуу зыяндарга кириптер кылды. Жолдор жарактан чыгып, короо-сарайларга суу каптады. Жарактан чыккандары бар. Өкүл бүгүн таң эрте менен саат жетиде район шаарлардын жана облустук мекеме-ишканалардын жетекчилери менен чукул штаб өткөрдү.

Кадамжай районунун Полот Хан айыл аймагынан 24-июнь күнкү нөшөрлүү жааган жаандан кийинки селден беш жашар наристе агып, көз жумган. Автоунааларды, жеңил типтеги курулуштарды сел алып кеткен учурлар бар. Кадамжай районунун Жеңиш айылынан миңге жакын, Баткен районунан 27 жаран коопсуз жайларга көчүрүлгөн. Табигый кырсыктын кесепеттеринен улам, ден соолугу начарлап ооруканага жеткирилгендер бар. Мал жандыктары , соцобьектер, көпүрөлөр, электр чубалгылары жарактан чыккан фактылар да бар.

Учурда өкүл өзү баш болуп сел кесепеттерин четтетүү боюнча Кадамжай аймагында жүрөт. Жалпы келтирилген зыяндарды тактоо иштери уланууда.


Соц.тармактарда бөлүшүү

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *