БАТКЕН: СЕЛДЕН УЛАМ 1000ден АШЫК ЖАРАНДАР КООПСУЗ ЖАЙГА КӨЧҮРҮЛДҮ.

Соц.тармактарда бөлүшүү

КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев, бүгүн эрте менен саат 7:00дө, сел кесепеттерин жоюу боюнча район акимдери, шаар мэрлери жана облустук Жарандык коргонуу кызматтары менен ыкчам штаб өткөрдү. Бул тууралуу облустук бийликтен кабарлашты.
Облус башчысы табигый кырсыктын кесепеттерин жоюу боюнча жер-жерлерде жумуш алып баруу, бардык техникаларды тартуу, үзгүлтүккө учураган суу, электр энергиясын калыбына келтирүү, күнүмдүк турмуш тиричиликке керектүү болгон бардык шарттарды түзүү, элдерге психологиялык жардамдарды уюштуруу, зарылчылык болсо эвакуация болгон элди убактылуу жайгаштыруу маселесин чечүүнү тапшырды.
Белгилей кетсек, 2024-жылдын 24-июнь күнү Баткен облусунун Баткен, Лейлек жана Кадамжай райондорунун аймактарында каттуу жааган жамгырдан улам, сел жүрдү.
Жалпы облус боюнча жааган жамгырдын кесепетинен, алдын ала маалымат боюнча 47 турак үйгө, 113 турак үйдүн огород участкаларына, 5 соц. обьектиге, 1 кичи футбол аянтчасына сел кирип, 17 ички чарбалык жолдорго, 2,7 чакырым коргоо тосмого, 1 көпүрө, 12 чарбалык курулуш, 2 суу кампага, 1 трансформаторго зыянын тийгизген.
Кадамжай районунун Жеңиш айылында 1000ге жакын, Баткен районунда 27 жергиликтүү тургундар коопсуз аймакка көчүрүлдү.
Тилекке каршы Исхак-Полотхан айыл өкмөтүнүн Жеңиш айылынын тургуну 5 жаштагы Илхамов Саидазимдин жансыз денеси саат 23:45 чамасында табылып,медицина кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.
Аны менен катар аталган айылдын 1954-жылы туулган тургуну ден соолугунан жабыркап, ооруканага жаткырылды, абалы орто.
Сел 8 бодо, 42 майда малды агызып кеткен.
Түнү менен аймактарда райондук Жарандык коргонуу кызматтары сел келген аймактарда калыбына келтирүү иш-чараларын жүргүздү. Ыкчам иш аракеттер уланууда.
Учурда облус аймагында жол каттамдары ачык.


Соц.тармактарда бөлүшүү

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *