Баткен районунда “Өспүрүм Эмгек” аталышында профилактикалык иш-чара өткөрүлүп, 7 ата-энеге айып пул салынды. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой Баткен РИИБдин Самаркандек айылына жайгашкан К.Шадыбеков айылдык милиция бөлүмчөсүнүн жашы жете электердин иши боюнча аймактык тескөөчүлөрү Баткен районду, социалдык өнүгүү башкармалыгынын үй-бүлөнү жана балдарды коргоо бөлүмүнүн адистери менен Баткен районунун Самаркандек аймагында жайгашкан соода сатык түйүндөрүн, ашкана,чайкана кафе-ресторандар, автовокзал жана дүкөндөрдү, тактап айтканда 24 обьектти текшерип, жашы жете элек өспүрүмдөрдүн эмгегин пайдаланбоо боюнча алдын алуу түшүндүрүү иштерин жүргүздү.
Иш-чаранын бир күндүк жыйынтыгында соода-сатыкта өз алдынча жүргөн 5 бала аныкталып, алардын ата-энелерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Ал эми түнү максатсыз өз алдынча көчөдө жүргөн 2 бала аныкталып, алардын ата-энелерине Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексинин негизинде протокол толтурулуп, айып пул салынды.