Эми айдоочулар Баткен шаарынан кошумча жабдууларын орнотууга же унаанын конструкциясына өзгөртүү киргизүүгө уруксат ала алышат. Бул тууралуу Баткен ОИИБ боюнча ЖКККБнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой эми айдоочулар Баткен шаарынан кошумча жабдууларын орнотууга же унаанын конструкциясына өзгөртүү киргизүүгө уруксат ала алышат. Азыркы учурда Баткен облусунун жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү кызмат көрсөтүүдө.
🔹Кошумча жабдууларын орнотууга же унаанын конструкциясына өзгөртүү киргизүүгө уруксат алуу үчүн төмөнкү докумменттерди топтоо зарыл.
🔹 Алдын ала техникалык экспертиза жүргүзүү үчүн:
– жол кыймылынын коопсуздугу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын же анын аймактык бөлүмчөсүнүн жетекчисинин атына жазылган арыз;
– паспорттун көчүрмөсү;
– транспорт каражатына менчик укугун күбөлөндүргөн документтин көчүрмөсү (транспорт каражатынын каттоо күбөлүгү), техникалык күбөлүк);
– транспорт каражатына ээлик кылуу же пайдалануу (тескөө) укугун ырастоочу документ (ишеним кат);
– кайра жабдууга дайындалган эскиздик долбоорду (чийме).