Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Баткен областтык, райондук жана шаардык комитеттери тарабынан билим берүү кызматкерлеринин балдары үчүн жайкы эс алуу лагерлери уюштурулууда.
2024-жылдын 16-июлунда Баткен районунун Алмалуу капчыгайында жайгашкан “Алтын-Бешик” балдардын ден соолугун чыңдоо борборунда Баткен районунун билим берүү кызматкерлеринин жана областтык гимназия-жатак мектебинде эмгектенген билим берүү кызматкерлеринин балдары үчүн жайкы эс алуу лагеринин расмий ачылышы салтанаттуу түрдө белгиленди.
Ага Кыргызстан Профсоюздар федерациясынын Баткен облусундагы өкүлү Х.Айкынов, Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин облустук комитетинин төрагасы З.Бөтөков, Баткен райондук комитеттин төрагасы А.Зайитов катышты. Ачылыш аземинде балдардын чоң программадагы иш чарасы көрсөтүлдү. Эс алып жаткан таланттуу балдар өздөрүнүн өнөрлөрүн тартуулап, иш чаранын көркүн ачты.
Иш чарага катышкан кесиптик бирликтин жетекчилери балдарга мындан ары да ар тараптан колдоо көрсөтүлөөрүн баса белгилеп, балдарга көңүлдүү эс алуу каалашты.
Ушундай эле балдардын эс алуу лагерлери билим берүү кызматкерлеринин балдары үчүн Лейлек районундагы “Алтын-Бешик” балдардын эс алуу лагеринде да уюштурулуп, Лейлек районунан 160 бала, Сүлүктү шаарынан 15 бала эс алып келишти.
Ал эми Кызыл-Кыя шаарынан 17 бала Ноокат районундагы “Чынгараев”,
Баткен мамлекеттик университетинен 20 бала Кайыңды айылындагы “Дары булак” балдардын эс алуу лагерлерине барып эс алып келишти. Ушундай эле эс алуу лагерлери калган район шаарларда да уюштурулмакчы.
Гапарали уулу Мансур, областтык комитеттин адиси