Ак-Сай айылы зомбулукка каршы

Соц.тармактарда бөлүшүү

Баткен районундагы чек арага чектеш Ак-Сай айылында кыз-келиндер арасында “Ак-Сай айылы зомбулукка каршыбыз!” деген темада табият койнунда сурөт тартуу аркылуу арт терапия өткөрүлдү. Бул тууралуу уюштуруучулар билдирди.
Иш чарада кыз-келиндер алгач Баткен районундагы Рават айылындагы кызгалдак талаасында, андан соң Лейлек районундагы Өзгөрүш коругуна барып, сүрөт тартуу менен бирге көңүлдүү эс алып келишти.
Белгилей кетсек, аталган иш чара гендердик маалымат борбору тарабынан каржыланып, уюштурулду. Ал үчүн аталган борборго жергиликтүү кеңештин депутаттары Изатбүбү Акылбекова жана Минавар Назаровалар «Дени сак эне, дени сак улут» аталышындагы долбоорду жазып ишке ашырышкан.

 


Соц.тармактарда бөлүшүү

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *