3 млн.750 миң сомдук балдар бакчасынын жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Атайын кызмат тарабынан Сумбула айылында (мурда – Анар) курулган бала бакчанын 2005-жылы мыйзамсыз жер тилкесин менчиктештирүүдөгү мыйзам бузуулар аныкталды..
Тиешелүү иштердин жыйынтыгы боюнча аянты 0,30 га, базар баасы 3 млн.750 миң сом болгон жер тилкеси ыктыядуу түрдө Лейлек районунун Сумбула айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүлүп берилген. Аталган жерде 2025-жылы бала бакчанын жаңы имаратын куруу пландалып жатканын УКМК кызматы кабарлайт.
УКМК мыйзамсыз менчиктештирилген мамлекеттик мүлктөрдү кайтаруу боюнча тиешелүү иш-чараларды улантууда.