Редакторлукка чейин баскан жолдо

Соц.тармактарда бөлүшүү

Гүлчехра Тажибаева ондогон окурмандарга таанымал кесиптешибиз отуз жылга чукул журналистика тармагында иштеп келет. Жөнөкөй арип терүүчүдөн эмгек жолун баштаган, Гүлчехра Тажибаева башкы редакторлук кызматка чейин жетип, жетекчилик кызматта да өзүнүн уюштуруучулук мыкты деңгээлин көрсөтө алды.

Мындай дегенибиз, учурунда коомдогу оош-кыйыштан улам, жабылып калуу коркунучунда калган Баткен райондук “Кызыл туу” гезитин кайра жандандырып, түстүү формат менен чыгара баштаган. Нускасын көбөйтүп, көптөгөн окурмандардын колдоосуна татыган бул гезитти жетектеп турганда облустук, республикалык деңгээлдеги бир катар сыйлыктарга ээ болду.

Гүлчехра Тажибаева көп жылдык эмгегинин натыйжасында журналисттер үчүн жарыяланган сынакта Баткен облустук мамлекеттик администрациясынын жана Баткен шаардык мэриясынын «Алтын калем» сыйлыгын алган. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак Грамотасы жана Ардак белгиси, “Маданияттын мыктысы” төш белгисинин ээси. Көптөгөн сыйлыктар менен Алкыш, Дипломдорго татыган кесиптешибиз жакында КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясынын “Кыргыз тили” төш белгилисине ээ болду.

Билими жогорку, үй-бүлөлүү, 1 кыз, 2 уулдун татыктуу энеси.

Учурда облустук “Баткен таңы” гезитинде баяндамачы болуп иштеп турган кесиптешибизди алдыдагы кесиптик майрамы жана Кыргыз журналистикасынын 100 жылдыгы менен куттуктайбыз. Чыгармачылык ийгилик жана бак-дөөлөт каалайбыз.

 

Адылбек Акматов


Соц.тармактарда бөлүшүү

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *