Бүгүн, 29-октябрда Кызыл-Кыя Сууканал Муниципалдык ишканасынын 100 жылдык юбилейи белгиленди. Бул тууралуу Кызыл-Кыя шаардык мэриясынан билдиришти.
Маалым болгондой бул саамалыкка шаар мэри А.Маткалыков, шаарыбыздагы мекеме-ишканалар жана ушул тармактан эмгектенип азыркы учурда ардактуу эс алууга чыккандар катышты.
Шаар мэри Сууканал Муниципалдык ишканасынын жалпы эмгек жамаатын куттуктап, шаарыбыздын өсүп-өнүгүүсүнө жана калкты суу менен камсыздоодо талыкпастан күндүз-түн дебей эмгектенип келе жаткандыктарын баса белгилеп. Кызматтык милдетемелерин так аткарып, эмгектенип келе жаткан кызматкерлерди ыраазычылык баракчасы менен сыйлады.
Белгилей кетсек Сууканал Муниципалдык ишканасы 1924-жылы түзүлүп, ушул күнгө чейин шаар калкына кызмат көрсөтүп келүүдө.