Баткенде үч унаа жолуна асфальт төшөө иштери башталды

Соц.тармактарда бөлүшүү

Баткен районунун Кызыл-Бел-Достук унаа жолунун 5 чакырымына асфальт төшөө иштери башталды.
Асфальт төшөө иштери кечээ 22-августта Лейлек районунун Самат-Зомбуруч-Жаркыштак унаа жолунда дагы башталды. Быйыл жолдун 5км узундугуна асфальт төшөө пландалган.
Кечээ Кадамжай районунда Кара-Жантак (чек араны делимитациялоонун алкагында Өзбекстандан Кыргызстанга өткөн айыл ) айылына баруучу узундугу 2,5 км жолду да асфальттоо иштери башталды.
Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министринин милдетин аткаруучу Абсаттар Сыргабаев 13-августта Баткен облусуна иш сапары менен келип, Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев менен бирге облуста курулуп жаткан жолдордун абалын көрүп чыгышкан.
Жетекчилер жол чарба кызматкерлерине каржыланган курулуштарды үзгүлтүксүз жүргүзүп, өз мөөнөтүндө бүткөрүүнү, сапатына өзгөчө көңүл бурууну талап кылуу менен, ар бир обьекттин аткаруу мөөнөтүн белгилеп беришкен.
Жалпысынан быйылкы жылы Баткен облусунда республикалык бюджеттин эсебинен 66 км жолго асфальт төшөө пландалган. 2024-жылга “Мамлекеттик капиталдык салымдар” беренеси боюнча биринчи кезекте каржылап курулуучу объекттердин титулдук тизмесине 34 автомобилдик жолдор кирип, 376,7млн сом акча каражат бөлүнүүсү каралган.
КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы


Соц.тармактарда бөлүшүү

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *