Баткен облус аймагындагы коомдук коопсуздук кызматынын кызматкерлери, райондук мамлекеттик администрациялардын өкүлдөрү, райондук билим берүү бөлүмүнүн, үй-бүлөнү жана балдарды коргоо бөлүмүнүн өкүлдөрү жана дин кызматкерлери катышкан окуу семинар болду. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык Кыргыз Республикасынын ИИМдин демилгеси жана Бишкек шаарындагы ЕККУнун колдоосу менен милициянын демократиялык принциптери, трансулуттук коркунучтардын, аялдарга жана балдарга карата зомбулуктун алдын алуу боюнча окуу семинары 2024-жылдын 22-августунда Кадамжай шаарында өткөрүлдү.
Кыргыз Республикасынын ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын бөлүм башчысы милициянын полковниги Нуржан Адылова, ИИМдин Академиясынын улук окутуучусу Азамат Абдрахманов, ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын улук ыкчам өкүлү милициянын полковниги Самат Осмонов, ЕККУнун Бишкек шаарындагы Программалык кеңсесинин консультанты, «Мобилдик автоунаалардын ишмердүүлүгүн колдоо Ассоциациясы» коомдук бирикмесинин директору милициянын отставкадагы полковниги Шамшыбек Мамыровдор тарабынан атайын даярдалган слайддар аркылуу баяндамалар берилип, видеотасмалар көрсөтүлүп, усулдук окутуулар болду.
Семинардын жыйынтыгында катышуучуларга ЕККУнун Бишкек шаарындагы программалык офисинин атайын сертификаттары тапшырылды.