РАЗЗАКОВ -АК-СУУ ЖОЛУН АСФАЛЬТТОО БАШТАЛДЫ

Соц.тармактарда бөлүшүү

Учурда Лейлек районунда унаа жолдорун оңдоо, асфальт төшөө иштери кызуу жүрүп жатат.
Маалыматка ылайыкт Раззаков- Ак-Суу унаа жолуна асфальт жаткыруу иштери №13 жол тейлөө ишканасы тарабынан башталды. Быйылкы жылда бул жолдун 5 км аралыгын асфальттоо каралып, ага каражат республикалык бюджеттин эсебинен берилмекчи. Курулуш иштеринин жүрушүнөн райондун башчысы-аким К.Осмонбеков жерине барып, таанышып келди.
Белгилей кетсек  жолдорду оңдоо иштери түрткү берүүчү гранттын эсебинен Кулунду, Тогуз-Булак, Катраң айыл аймактарында, Раззаков шаар мэриясынын аймагында да жүрүп жатат.


Соц.тармактарда бөлүшүү

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *