Аскер кызматкерлеринин ден соолугуна кам көрүү тууралуу жыйын өткөрүлдү

Соц.тармактарда бөлүшүү

Бүгүн, 22-августта Баткен шаарында ден соолукка кам көрүү жана жугуштуу оорулардын алдын алуу багытында атайын иш чара өткөрүлдү.
Иш чара Баткен гарнизонунун аскер прокурорунун орун басары Мырзабек Есеналиевдин жетекчилигинде Кыргыз Республикасынын аскер прокурорунун тапшырмасынын жана Баткен гарнизонунун аскер прокуратурасынын иш планынын алкагында уюштурулду.
Ага облус аймагындагы бардык Коргоо министрлигинин, Чек ара кызматынын, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Ички аскерлердин аскер бөлүктөрүнүн командирлери жана медициналык кызматынын аскер кызматкерлери катышышты.

Аталган иш-чарада Баткен гарнизонунун Аскер прокурорунун орун басары Мырзабек Есеналиев,

«Аскер прокуратурасынын өзүнүн ишмердүүлүгүндө аскер кызматчыларынын социалдык жана башка укуктары коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдардын аткарылышы боюнча приоритеттүү багыттардын бири болуп саналып көзөмөл жүргүзүлөт. Атап айтканда, аскер кызматчылардын ден соолугун системалуу түрдө чыңдалуусуна, кызмат жана турмуш-тиричилик шарттарын жакшыртылуусуна, санитардык-гигиеналык, эпидемияга каршы дарылоо жана профилактикалык иш-чараларды өз убагында жүргүзүүлүсүнө дыкаттык менен текшерүүгө алынууда.

Ушул багытта биз бүгүн жогоруда көрсөтүлгөн тапшырмаларга ылайык атайын иш-чара уюштурдук. Буга чакырылган дарыгерлер Баткен облусунда жайгашкан баардык аскер кызматкерлерибизге жугуштуу оорулар алардын ичинен кургак учук, гепатит оорууларынын түрлөрү, алардын алдын алуу тууралуу кеңири маалымат беришти. Бул иш-чара мындан кийин да улантылып, аскерлердин ден соолугуна ар дайым кам көрүү биздин баардыгыбыздын милдетибиз» -деди өз сөзүндө.

Аскер кызматкерлери да дарыгерлерге аталган ооруулардын түрдүү жагдайлары жөнүндө суроолорун узатып, иш-чара суроо-жооп менен уланды.


Соц.тармактарда бөлүшүү

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *