“Рух ордого” кирүү акысы 2020-жылга чейин 400 сом болсо, андан кийин 500 сомго чыгарышкан. Бул сумма бүгүнкү күнгө чейин кармалып турду. Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен жарандардын руханий азыктануусуна шарт түзүү максатында бул туристтик борборго кирүү акысы 350 сомго төмөндөтүлдү. “Акысыз эле кылып койсо болбойт беле” деген да суроолор туулушу мүмкүн. Бирок борбордогу объектилерди көрктөндүрүп, жакшыртып турууга каражат талап кылынарын унутпашыбыз керек”, — деди Алагозов.