"Баткен таңы" коомдук-саясий гезити

“Рух ордо” туристтик борборуна кирүү акысы 150 сомго арзандады

Соц.тармактарда бөлүшүү

“Рух ордо” туристтик борборуна кирүү акысы арзандады. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Аскат Алагозов билдирди.
“Рух ордого” кирүү акысы 2020-жылга чейин 400 сом болсо, андан кийин 500 сомго чыгарышкан. Бул сумма бүгүнкү күнгө чейин кармалып турду. Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен жарандардын руханий азыктануусуна шарт түзүү максатында бул туристтик борборго кирүү акысы 350 сомго төмөндөтүлдү. “Акысыз эле кылып койсо болбойт беле” деген да суроолор туулушу мүмкүн. Бирок борбордогу объектилерди көрктөндүрүп, жакшыртып турууга каражат талап кылынарын унутпашыбыз керек”, — деди Алагозов.
“Рух ордо” туристтик борборун буга чейин жеке жактар иштетип келген, кийин мамлекеттин карамагына өткөрүлгөн.


Соц.тармактарда бөлүшүү
Exit mobile version