Өлкөнүн эң алыскы айылдарынын бири Сары-Дөбөдө 150 орундуу мектеп пайдаланууга берилди. Май айындагы майрамдарга аралаш ачылган бул аземге өкүл Абдикарим Алимбаев жана Лейлек районунун акими Канымет Осмонбековтор катышты. Маалыматка ылайык жалпы сметалык баасы 84 млн 516 миң сомду түзгөн. Аталган мектеп республикалык бюджеттин эсебинен каржыланган.