Бүгүн Лейлек районунун Сары-Дөбө айылына жаңы курулган мектептин ачылышына президент Садыр Жапаров онлайн түрүндө катышты. Ошондой эле бул салтанатта айыл тургундары жана өкүл Абдикарим Алимбаев жана Лейлек районунун акими Канымет Осмонбеков болушту.
Эки кабаттан турган бул мектептин сметалык баасы 81млн сомду түзгөн. 150 окуучуга ыңгайлашкан билим ордосунда спорт зал, ашкана, китепкана жана башка окуучуларга керектүү шарттар бар.
Эске сала кетсек өлкө боюнча 100 мектептин курулушу башталган. Алардын ичинен 21 мектеп Баткен облусунда салынган.