Облус башчысы сел кесепеттерин жоюу боюнча жеринде тапшырмаларды койду

Соц.тармактарда бөлүшүү

КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев, сел жүргөн аймактарда селдин кесепетин жоюу иштерин, жеринде жетекчиликке алды.Бул тууралуу КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн маалымат катчысы билдирди.
Маалым болгондой тийиштүү кызматтар селдин кесепетин жоюу боюнча ыкчам иш аракеттерди көрүүдө.
Белгилей кетсек, кечээ 5-майда нөшөрлөп жааган жамгырдан улам Баткен облусунун Лейлек районунда жана Сүлүктү шаарында сел жүргөн.
Сел суулары Лейлек районунун Катран, Коргон, Андарак, Көк-Таш, Баул, Самат, Жаркыштак, Мурас айылдарына келген.
Селдин кесепетинен 1 дүкөнгө, 7 үйдүн короосуна, 6 жер төлөөгө сел суулары кирген. 5 убактылуу жасалган көпүрөлөрдү агызган. Бир балдар бакчасынын тосмосунун 30 метрдей бөлүгү бузулган.
4 бодо мал селге аккан.
Түнү бою жеринде жарандык коргонуу кызматтары иштеди.
Бүгүн саат 7:00го карата сел кирген турак үйлөрдүн жер төлөөлөрү толук тазаланды.
Табигат кырсыгынан адам өмүрүнө зыян келген эмес.
Айрым жараксыз болгон унаа жолдорун калыбына келтирүү, каттамды камсыз кылуу иштери уланууда.


Соц.тармактарда бөлүшүү

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *