Сел кырсыктарын жоюуда ыкчам аракеттер көрүлдү

Соц.тармактарда бөлүшүү

2024-жылдын 22-апрель күнү Кадамжай районунун аймагында нөшөрлүү жааган жаандын кесепетинен төрт айылда сел жүрдү. Бул тууралуу Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынан кабарлашты.

Маалыматта тактап белгиленгендей, Орозбеков айыл аймагынын Таш-Булак сайында 480 метр ички жолдорду, 170 метр сай жээктерин жана Кадамжай шаарындагы Аңкур-Сайында 150 метр сай жээгинде, ошондой эле Молдо Нияз айыл аймагынын үч айылдарында жалпысынан 12 чакырым ашык ички жолдорду сел алган. Алдын ала маалыматтар боюнча, селден зыян тарткандар жана жабыркаган жарандар жок.

«Учурда ӨКМнин Кадамжай райондук бөлүмүнүн, №46 Жол тейлөө ишканасынын жана жергиликтүү айыл аймактарынын атайын техникалары тартылып, жеринде механикалык тазалоо жана калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүүдө.

Ал эми 23-апрелде КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев, эртең менен саат 7:00дө, 22-апрелде келген селдин кесепеттерин жоюу боюнча ыкчам жыйын өткөрдү.

Облус башчысы ыкчам кеңешмеде сел суулары жүргөн аймактарда аткарылып жаткан иштер боюнча район-шаар башчыларынын, ӨКМнин Баткен облустук башкармалыгынын башчысынын маалыматын угуп, жалпы жарандык коргонуу кызматтарына, табигый кырсыктын кесепеттерин жоюу, ыкчам аракеттерди көрүү боюнча бир катар тапшырмаларды койду», -деп айтылат маалыматта.


Соц.тармактарда бөлүшүү

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *