Баткен шаарында Нооруз майрамы салтанаттуу белгиленди
Баткен шаарындагы Борбордук стадиондо Нооруз майрамына арналган салтанаттуу иш-чара өттү.
Майрамга Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменов, Баткен шаарынын мэри Темирболот Абыкеев, Баткен районунун акими Данир Иманалиев, ошондой эле облустук, райондук жана шаардык мекеме-ишканалардын жетекчилери жана шаар тургундары катышууда.
Иш-чара башталардан мурда, майрамдын катышуучулары улуттук тамак-аштар жана кол өнөрчүлүк боюнча уюштурулган көргөзмөлөр менен таанышышты. Ошондой эле китеп көргөзмөсү да уюштурулуп, ага катышуучулар кызыгып көрүштү. Майрамдык иш-чаранын алкагында Баткен шаары жана Баткен району тарабынан даярдалган сүмөлөк ачылды.
Иш-чаранын негизги бөлүгү салтанаттуу ачылыш менен башталып, сахналаштырылган көрүнүш коюлуп, бийлик өкүлдөрүнүн куттуктоо сөздөрү айтылды.
Майрамдык программа концерттик өнөр көрсөтүүлөр жана улуттук спорттук оюндар менен уланууда.






























