ӨКМ 24-25-мартта бир катар аймактарда сел жүрүшү мүмкүн экенин эскертти
Бүгүнтөн баштап аба ырайы бузулуп, жаан-чачын нөшөрлөп жаайт. Мындан улам Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү күтүлөт.
Министрлик суу өткөн жерлерди тазалоону сунуштады.