Кыргызгидромет бул апта жаанчыл болорун божомолдоду.
13-майда жаан жаап, айрым тоолуу аймактарда сел жүрүшү мүмкүн.
Абанын температурасы Чүйдө +23…+28, Ош, Жалал-Абад, облустарында +24…+29, Таласта +22…+27, Ысык-Көлдө +18…+23, Нарында +17…+22 градус жылуу болот. Күндүн табы борбор калаада +25…+27, Ош шаарында +26…+28 градуска чейин көтөрүлөрү айтылды.
Ал эми Баткен жергесиндин күндүн табы +29 градуска чейин көтөрүлөт.
Иш күнүңүз көңүлдүү өтсүн!