Кутман күн, Кыргызстан!
Кыргызгидромет билдиргендей, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан жаап күн күркүрөйт.
Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +11… + 16, күндүз +16… +21,
Талас облусунда түнкүсүн +10… + 15, күндүз +15… +20,
Жалал-Абад , Ош облустарында түнкүсүн +11… +16, күндүз +18… +23,
Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +7… +12, күндүз +20… +25,
Нарын облусунда түнкүсүн +5… +10, күндүз +21…+26.
Бишкекте +18…+20 градус болот.
Ал эми Баткен жергесинде +23 градуска чейин жылуу болору болжолдонду!