Жогорку Кеңештин төрагасы Нурлан Шакиев балдарга нукура кыргызча ысым ыйгарууну сунуштады.

Соц.тармактарда бөлүшүү

“Ысым ыйгарууда баары арабча болуп кетип атат. Жакшынакай эле Бакыт, Таалай, Элмырза, Улукбек, Балбак, Чолпон, Жылдыз, Нурбек, Акылбек деген ысымдар бар. Аларды эмнеге арабдаштырып, же орусчалап, же башка тилде коюшубуз керек? Бул өтө маани бере турган маселе. Нукура кыргыз аттарын койбосок тилибиз жоголуп бара жатканы аз келгенсип, кыргыздын ысымдары дагы жоголуп кетет”, — деди Шакиев.

ЖК спикери бөбөктөр телефондон мультфильмдерди башка тилде көргөндүктөн, шаарда эле эмес, айылдарда да балдардын тили орусча чыгып жатканын айтып, мультфильмдерди кыргыз тилине которуу керектигин белгилеген.


Соц.тармактарда бөлүшүү

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *