Акыркы 20 жылда биринчи жолу Жерде эң жогорку, бешинчи деңгээлдеги магниттик бороон болушу мүмкүн. Бул тууралуу Россиянын Илимдер академиясынын Космос изилдөө институтунан кабарлашты.
“Үч күндүн ичинде Күн биздин планетага төрт өзгөчө чоң плазма булутун ыргытты. Алардын айрымдары жолдо биригип, эсептөөлөр боюнча бүгүн түнү Жердин магнит талаасына тиет”,— деди Космос изилдөө институтунун Күн астрономиясы лабораториясынын башчысы Сергей Богачев.
Магниттик бороондордун күчү беш баллдык шкала боюнча бааланат. Мындай деңгээл электр тармагында масштабдуу көйгөй жаратып, спутниктердин, радиобайланыштардын ишине олуттуу зыян келтириши мүмкүн.