Жаштардын инсандык өнүгүүсүнө багытталган иш чара өттү

Соц.тармактарда бөлүшүү

21-февралда БатМУнун А.А.Машрабов атындагы Сүлүктү гуманитардык-экономикалык институтунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, филология илимдеринин кандидаты, доцент Камила Талиеванын катышуусунда «Акыл кербени» аттуу инсан таануу сабагы өттү.
Иш-чарага Сүлүктү шаарынын мэринин орун басары Алмазбек Полотов, «Инсан Лейлек» фондунун жетекчиси Гулнара Дербишова, Сүлүктү шаарынын мэриясынын социалдык өнүктүрүү секторунун башкы адиси жана мэриянын алдындагы тил комиссиясынын катчысы Гүлмайрам Эрназарова, БатМУнун А.А.Машрабов атындагы Сүлүктү гуманитардык-экономикалык институтунун окутуучулар жамааты жана студенттер катышты.
Иш-чараны Сүлүктү шаарынын мэринин орун басары Алмазбек Полотов ачып, шаар жетекчилиги жана окуу жайдын өкүлдөрү эл өкүлү Камила Талиеванын жана коноктордун шаарыбызга келишин жогору баалап, ыраазычылыктарын билдиришти.
Инсан таануу сабагынын жүрүшүндө, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Камила Талиева инсандык өнүгүү, билимдин мааниси жана жаштардын коомдогу орду тууралуу кеңири маалымат берип, студенттердин суроолоруна жооп берди. Иш-чаранын соңунда Камила Талиева мыкты суроо берген студентке белек тапшырып, жаштарга ийгилик каалап кетти.
Бул иш-чара студенттер үчүн маанилүү билим берүү мүмкүнчүлүгүн түзүп, инсандык өнүгүү боюнча терең түшүнүктөрдү берген иш-чара болду.


Соц.тармактарда бөлүшүү

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *