Жаш дарыгер Мустафа Исмаиловдун тажрыйбасы башкаларга өрнөк болуш керек

Соц.тармактарда бөлүшүү

Кыска аралыкта Лейлек районундагы Кулунду жалпы дарыгерлер практикалык борборунда башкаларга өрнөк болорлук мыкты жакшы иштер жасалды. Жаш жетекчинин демилгеси менен кыска аралыкта жандандыруу бөлүмү ачылды. Хирург, травматолог, акушер гинеколог, реаниматолог дарыгерлери менен камсыздалды. Аймактык оорукананын базасы чыңдалып, калктын дарылануусу үчүн жакшы шарттар түзүлдү.

Исмаилов Мустафа Мусаевич,  Кулунду Жалпы дарыгерлер практикалык борборунун жетекчиси

Мындай жетишкендиктерге жаш жетекчи Исмаилов Мустафа Мусаевичтин эмгеги чоң. Адегенде өзүнүн классташы  Ниматулла Абдуваситовду анан калган дарыгерлерди эң алыскы Лейлек районунундагы Тажикстанга чектеш турган Кулунду жалпы дарыгерлер практикалык борборуна     алып келди. Бул чыныгы мекенчилдик өзүнүн жерине болгон сый-урмат дешип, жергиликтүү калк өзүнүн кулундарынан ыраазы болушууда. Жаштардын мындай аракетинин натыйжасында аталган айылдагы ооруканада олуттуу өзгөрүүлөр болду. Буюрса жакында Кулунду айылынын аймагына заманбап бардык шарттары бар оорукананын чоң имараты курулат . Жери бөлүнүп, акча каражаттары да чечилген деген маалыматты эске алсак чек арадагы Кулунду, Жаңы-жер, Бешкент, айыл аймагындагы алтымыш миңге жакын жергиликтүү тургундардын саламаттыгы үчүн мамлекет тарабынан чоң камкордук болмокчу.

Бүгункү кундө Баткен облусу боюнча 100 гө чукул дарыгерлер жетишпейт. Бул маселе Баткен облустук коллегиясында каралган. Облус башчысы өзгөчө стратегиялык аймакты дарыгерлер менен кмсыз кылуу боюнча тапшырмаларды койгон. Ушул өңүттөн алып караганда жаш жетекчи Мустафа  Исмаиловдун тажрыйбасы башкаларга өрнөк болуш керек.

Дарыгерлер жетишпейт деп отура берген менен дарыгерле өзү келбейт. Аларга шарт түзүп, мекенчилдик сезимин ойготуп, адегенде баткендик адистерди анан тажрыйбалуу дарыгерлерди тартсак бул маселе да чечилер. Биздин айтайын дегенибиз жаш дарыгердин мекенчилдиги, дипломаттыгы натыйжасында Кулундуда бир эмес, бир канча маселе чечилди.

Урманов Ниймат,
 Башкы дарыгердин орун басары

 

 

Сражидинов Нурмахаммат Сражидинович, травматолог. Татарстан республикасынан келип иштеп жатат

Кулундуга Оруссиядан,Татарстандан иштеп жатышкан жаш дарыгерлер келишти. Алардын өз айылына келип эмгектенүүсүнө Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлиги  тарабынан көбөйтүлгөн эмгек акына кошумча чек ара аймактарында  иштегендиги учун квартал сайын берилүучү депозиттин көлөмү 33 миңден сомдон 66 миң сомго көтөрүлгөндүгүндө.

Тойчуев Чынгыз, хирург

Жаш жетекчи Мустафа Исмаиловдун маалыматына таянсак райондун акими Канымет Осмонбеков дагы жаш дарыгерлерге ара тараптуу шарт түзүп берүүгө кызыктар болуп, кун алыс сурап турат. Мына ушундай камкордуктардын натыйжасында  Кулундуга дагы башка жактардан келип, иштейм дегендер чыгып жаткандыгы кубандырат.

Асатуллаев Хамидулла Ибадуллаевич, хирург

 

Маллаева Акмоор, врач акушер-гинеколог. Тюменден келип иштеп жатат

 

Белекова Сымбатай Белекова,  фтизиатр

 

Юсупалы кызы Майрам, реаниматолог


Соц.тармактарда бөлүшүү

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *