Урматтуу Баткен облусунун тургундары!
1-2-мартта Баткен облусунун аймагында жалпы элдик ишембилик өтөт.
Иш чарага мамлекеттик мекеме ишканалардын кызматкерлеринен сырткары,ишкердик чөйрөсүнүн өкүлдөрү менен бирге катардагы бардык жарандар чакырылат.
Жер жерлерде айлана чөйрөнү тазалоо,сугат арыктарын чабуу, бак дарактарды актап сырдоо, бутоо, бузулган мыйзамсыз курулуштардын калдыктарын тазалоо, көчөт отургузуу иштери жүрөт.
Жаратылышыбызды жана айлана-чөйрөнү таза сактоо-ар бирибиздин милдетибиз.
Ишембиликке активдүү катышып,тазалыкка салым кошуңуз.