Жаңы дайындоо

Соц.тармактарда бөлүшүү

Полотов Алмазбек Адылбекович Сүлүктү шаарынын мэринин орун басары болуп дайындалды.
Алмазбек Полотов 1985-жылы Баткен районунун Самаркандек айылында төрөлгөн.
Билими жогорку. БатМУнен дүйнөлүк тилдер жана түркология боюнча мугалим адистигине ээ болгон. Андан соң КРнын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясынан, жергиликтүү мамлекеттик башкаруу жана өз алдынча башкаруу адистигин алган.
Алгач эмгек жолун орто мектепте мугалим, директордун орун басары кызматтарынан баштаган.
Баткен райондук дене-тарбия, спорт жана жаштар саясаты бөлүмүндө
Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын Социалдык өнүгүү бөлүмүндө
КР Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын Укуктук камсыздоо жана кадрлар секторунда, Уюштуруу инспектордук иштер жана контролдоо бөлүмүндө
КР Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун алдындагы “Аукцион борбор” мамлекеттик мекемесинде
КР Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттигинде иштеп келди.
А.Полотовду кызматка дайындоо боюнча тиешелүү буйрукка Сүлүктү шаарынын мэри Болот Абдыжапаров кол койду.


Соц.тармактарда бөлүшүү

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *