Өзбекстандан Кыргызстанга өткөн Кара-Жантак айылы боюнча комиссия жеринде иш алып барууда

Соц.тармактарда бөлүшүү

Кыргызстан менен Өзбекстандын өкмөттөр аралык комиссиясынын чечими менен Өзбекстандын Кара-Жантак айылы Кыргызстандын курамына өтүп, Баткен облусунун Кадамжай шаарына кошулду.
Бүгүн айылда Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменов жергиликтүү эл менен жолугушуп, айылдын социалдык маселелерин чечүү үчүн атайын жумушчу топ түзүлгөнүн билдирди. Аны өкүлдүн биринчи орун басары Бактыбек Токсонбаев жетектейт.
Комиссия элдин паспорт, пенсия, жөлөк пул, таза жана сугат суу, жер маселеси, айыл статусу, мектеп, бала бакча, дарыкана жана жумуш орундары сыяктуу маселелерин карап чыкты.
Президент Садыр Жапаровдун Жарлыгына ылайык, айылдын 539 тургуну кыргыз жарандыгын тастыктаган паспорт алышкан, 124 пенсионер пенсия алууда. Жалпы жашоочулардын саны — 891.
Айбек Шаменов айылдын абалы менен жеринде таанышып чыкты.


Соц.тармактарда бөлүшүү

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *