Кулактандыруу!
Урматтуу Баткен облусунун тургундары!
КР Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн резервдик фонддору жөнүндө КР Президентинин атайын жарлыгы бар, ага ылайык резервдик фонддун жобосу бекитилген.
Жобого ылайык, резервдик фонддор социалдык маанилүү мүнөздөгү шашылыш жана күтүлбөгөн чыгымдарды, ошондой эле социалдык жактан муктаж болгон жарандарды белгиленген тартипте финансылык жактан камсыз кылуу үчүн гана пайдаланылат.
Белгилей кетсек, 2024-жылдын 1-январынан 10-июнуна чейинки аралыкта КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратына, муктаждыкка байланыштуу материалдык жардам боюнча жарандардан 84 арыз келип түшкөн.
Анын ичинен 68 жаран облус башчысына, 16 жаран Президентке кайрылган.
Резервдик фонд район акиминде, шаар мэринде, айыл өкмөт башчысында дагы бар экенин белгилейбиз.
Айыл өкмөтү, райондук администрация, шаар мэриялары,КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү, ар бир жарандын кайрылуусун карап чыгып, аны жергиликтүү деңгээлде чечүү үстүндө иш алып барат.
Мамлекеттик деңгээлде гана чечилүүчү маселе болсо, анын жол жобосу түшүндүрүлөт.
Ошондуктан жергиликтүү маселелер боюнча жергиликтүү бийлик органдарына кайрылууңуздарды сунуштайбыз, эгер алардын көргөн чарасына макул эмес болгон учурда гана, жарандар жогорку бийлик органдарына кайрылганы туура болот.

КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы