Төрт -Гүл айыл аймагында спорттук мелдеш өткөрүлдү

Соц.тармактарда бөлүшүү

Төрт -Гүл айыл аймагында айыл өкмөттөр арасында түзүлгөн 5 командалардын катышуусунда спорттун  волейбол түрү боюнча спорттук мелдеш болуп өттү.  Негизги максаты Кыргыз Республикасынын Президентинин “2021-жылдын 29-январындагы ПЖ № 1 Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө” Жарлыгына ылайык жаштарды спортко үндөө жана сергек жашоого болгон көз карашын өзгөртүү максатында  уюштурулду.

Айыл өкмөт башчысы Маканов Данияр Галбаевич спорттук иш-чаранын катышуучуларына каалоо-тилектерин билдирип, өз сөзүндө бул иш чара айылдык жаштардын ынтымакчылыгын, биримдигин, достугун даңазалаган иш чара болуп өткөнүн баса белгилеп кетти.
Мелдеш кызуу башталып жыйынтыгында жалпысынын 5 команда катышып, оюн жогорку денгээлде өттү.
1-орунду Төрт -Гүл айыл өкмөтү
2-орунду Кыштут айыл өкмөтү
3-орунду Кара-Бак айыл өкмөтү командалары камсыз кылышып,l,ll,lll даражадагы диплом жана
“Мыкты оюнчу” жана “Мыкты дарбазачы” номинацияларына да акчалай сыйлыктар, дипломдор ыйгарылды.


Соц.тармактарда бөлүшүү

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *