️Сузакта Кыргызстандын желегин өрттөдү дегендер кармалды

Соц.тармактарда бөлүшүү

УКМК билдиргендей, бул ишти 16 жана 19 жаштагы кыздар жасаган. 19 жаштагы А.к.М. “Хизбут-Тахрир” диний-экстремисттик уюмуна 2022-жылы кирип, кийин ата-энеси жок 16 жаштагы кызды жанына шакирт кылып алып алган.

 

Шектүүлөр бул ишке алдын ала даярданганы айтылды. Алар базардан ак түстөгү чүпүрөк жана кара маркер алып коюшкан. 30-майга караган түнү чүпүрөккө арабча жазып, Бек-Абад айылындагы эки мектепте илинип турган тууну өрттөп, ордуна өздөрү даярдаган ак кездемени тагып кетишкен.

Бул ишке тиешеси бар делип 19 жаштагы кыздын энеси менен улуу агасы да кармалды. УКМК маалыматына ылайык, алар аталган кылмыш тууралуу билишкен. Ал эми атасы чет жакта иштеп жүргөнү айтылды. Буга чейин ал экстремисттик материалдарды сактаган деп жоопко тартылган.

Атайын кызмат 19 жаштагы кыз Бек-Абад айылындагы эки аялдан экстремисттик идеология боюнча сабак алып жүргөнүн, алар дагы кармалганы айтты.

Кыжыр кайнаткан окуя 30-майга караган түнү Бек-Абад айыл аймагында болгон. Белгисиз адамдар эки мектепте Кыргызстандын илинип турган желегин алып, өрттөп, ордуна арабча жазуусу бар ак чүпүрөктү илип кетишкен.
Ушундай эле нерсе айыл өкмөттүн кире беришиндеги дарбазага дагы илинген.


Соц.тармактарда бөлүшүү

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *