Сүлүктү шаарындагы эски имараттар сүрдүрүлүүдө

Соц.тармактарда бөлүшүү

[Сүлүктү шаарындагы эски имараттар сүрдүрүлүп ордуна жаңы заманбап имараттар курулууда

 

Шаардык мэриядан кабарлагандай Баткен облусун өнүктүрүү фондунун 50 млн. сомдук каржылоосу менен чоң маданий борбор үчүн имараттын курулушу башталды. Аталган борбордо шаардыктар үчүн IT борбор, музыкалык мектеп, музей, IT китепкана жайгаштырылат. Иштин көзүн мыкты билген, жаш жетекчи Болот Абдыжапаровдун демилгеси менен бул курулуштан башка дагы ири долбоорлор ишке ашкан. Жакшы жетекчи элдин бактысы, келечеги үчүн кызмат кылат эмеспи. Шаардыктарга дем берип, шаардын мыкты уул-кыздарынын эсебинен атайын фонд түзүп, буга чейин чечилбей келген бир катар социалдык көйгөйлөрдү да четинен чечип келет.

 Борбордон эң алыскы аймактагы Сүлүктү шаарынын тарыхы дагы өзгөчө. Кылым карыткан кенчилердин шаары кезегинде дүркүрөп өскөн. Миллион тоннага чейин көмүр казылып, Борбордук Азиянын очогу аталган калаада эски имараттар көп болгон. Көзгө комсоо көрүнгөн эски имараттарды ирээти менен алдырып, ордуна курулуп жаткан заманбап үлгүдөгү имараттар менен бирге эле көчөлөргө асфальт төшөлүп, шаар күн сайын көркүнө чыгып баратат.

Ошентип, кылым карыткан карт тарыхтуу шаарыбыз мезгил өткөн сайын жаңыланууда. Сүлүктү Раззаков шаарына каттоочу маршруттук автобекеттин эски дубалдары алынып, жаңы евро тосмолор орнотулду, тепкичтери жаңыланды.

Кош-Булак-Товарная айланпасы темир тосмолору менен тосулуп, заманбап үлгүдөгү брусчаткалар менен жасалгаланды. Шаардыктардын, келегн меймандарыдн көңүлн бурган “Мен сени сүйөм Сүлүктү” аттуу азем жазуулар дагы шаарга өзгөчө шаң болуп турат.

Сүлүктү шаарындагы Маданият үйүнүн имаратынын алдындагы тепкич оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, эки тарабы жарыктандырылды, ички жолдор капиталдык ремонттон өтүп, пайдаланууга берилген. Сүлүктү шаарынын мэри Болот Абдыжапаров жергиликтүү бюджеттин эсебинен аткарылган иштер менен жеринде таанышып, бул багытта жумуштар мындан ары уланарын айткан.

Маалыматка караганда, С.Султанов көчөсүндөгү жалпы дарыгерлер практикалык борборунун айланасына асфальт төшөөгө 330 000 сом, Кош-Булак аймагындагы акыркы аялдаманын алдындагы борбордук аянтчага асфальт төшөөгө 1 905 000 сом акча бөлүнүп, иштер аткарылды.

 

Ал эми, шаардын борбордук көчөлөрүндөгү чуңкурларды жамоо үчүн 1 млн. сом, И.Раззаков көчөсүндө салык кызматынын алдына асфальт төшөө үчүн 300 миң сом сарпталды. Ошонодой эле үлүштүк дем берүүчү гранттардын эсебинен Н.Отбасаров, Джержинский, Раззаков көчөлөрүнө асфальт төшөлүп, капиталдык ремонттон өткөрүлдү. Аталган долбоорлорго жергиликтүү бюджеттен жалпы 2 млн 700 миң сом каржыланды.


Соц.тармактарда бөлүшүү

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *