Сүлүктүдө милиция кызматкерлери үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу багытында түшүндүрүү иштерин өткөрүүдө.
Сүлүктү ШИИБдин Коомдун коопсуздук кызматынын кызматкерлери шаар аймагындагы тургундарына, мектеп окуучуларына үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктардын алдын алуу, жаш өспүрүмдөр арасындагы укук бузууларга жол бербөө багытында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой иш-чаранын бир күндүгүндө Кыргыз Республикасынын кылмыш жаза кодексинин 93-беренеси (Чет өлкөлүк жумушчу күчтү Кыргыз Республикасына тартуу жана пайдалануу эрежелерин бузуу), 431-беренеси (Чет өлкөлүк жарандардын Кыргыз Республикасында белгиленген жүрүү тартибин же эмгек ишин жүзөгө ашыруу же транзиттик өтүү эрежелерин бузуусу) жана 70-беренеси (Үй-бүлөлүк зомбулук) менен жалпы 3 протокол толтурулуп, айып пулдар салынды.
Бул иш-чара Сүлүктү шаарында 2024-жылдын 9-сентябрынан 19-сентябрына чейинки аралыкта “Үй-бүлө” маалыматтык алдын алуу иш-чарасынын алкагында өткөрүлөт.