Сүлүктүдө табигый кырсыктардын алдын алуу иштери жүрүүдө

Соц.тармактарда бөлүшүү

Жаз мезгилинде абанын температурасы кескин көтөрүлүп, тоолордогу карлар ээрий баштайт, жаан-чачындар көп жаашы мүмкүн. Бул өзгөчө табигый кырсыктарды – сел суу ташкындары жана жер көчкүлөрүнүн активдешүүсүнө алып келиши мүмкүн. Ошондуктан, мындай кырсыктардын алдын алуу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) мониторинг жана божомолдоо департаментинин корутундулары жана шаардык Жарандык коргонуу комиссиясынын АКТыларын негизге алып, 2019-жылдын 6-майында кабыл алынган №213-токтомго ылайык, Сүлүктү шаарындагы кооптуу аймактарда профилактикалык иштер жүргүзүлүүдө.

Өткөн аптада Сүлүктү шаарынын Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кызматкерлери Мамбетов, Шахтерская, Макаевка жана Джураев көчөлөрүндө жашаган турак үй ээлерине жана көмүр өндүрүү менен иш алып барган ЖЧКнын башчыларына түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Аларга кооптуу аймактардан тез арада чыгып, убактылуу көчүп туруу керектиги тууралуу эскертмелер берилди.

Бирок, кооптуу аймактарда жашаган айрым адамдар мамлекеттен берилген ссудалар аркылуу жер тилкелерин алып, бирок аларды белгиленген жерге жайгаштырбай турушат. Айрымдары болсо ссуда акчасын алып, бирок жер тилкесин сатып албай калган.

Азыркы учурда Сүлүктү шаарында жер көчкү жана сел ташкындарына кооптуу 42 үй-бүлө жашап жатат. Бул аймактарда жашоочулардын коопсуздугу үчүн тиешелүү чаралар көрүлүп, жер тилкесине көчүү боюнча сунуштар берилүүдө.


Соц.тармактарда бөлүшүү

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *