Сүлүктүдө камсыздандыруу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Соц.тармактарда бөлүшүү

Сүлүктү шаарынын мэриясынын Кош-Булак поселкасында жол коопсуздугу жана камсыздандыруунун мааниси боюнча түшүндүрүү иш-чарасы өткөрүлдү. Иш-чаранын максаты – Кыргыз Республикасынын Президентинин №79 Жарлыгына ылайык, жарандардын турак жайларын өрттөн жана табигый кырсыктардан, ошондой эле транспорт каражаттарынын ОСАГО менен камсыздандыруусу боюнча маалымат берүү.

Жолугушууда айдоочуларга жол коопсуздугу, ОСАГОнун артыкчылыктары жана турак жайды камсыздандыруунун мааниси түшүндүрүлдү.

Сүлүктү шаарынын тургундарына жана айдоочуларына өз мүлкүн камсыздандыруу сунушталат.

Кошумча маалымат үчүн төмөнкү номерамдарга кайрылсаңыздар болот:
📞 0773 679 076 – Г. Бурханова
📞 0773 103 219
📞 0703 115 045

Камсыздандыруу – коопсуз келечектин кепилдиги!

 


Соц.тармактарда бөлүшүү

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *