Президенттин Баткендеги өкүлү Абдикарим Алимбаев Чек ара кызматына жетекчи болду

Соц.тармактарда бөлүшүү

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесинин негизинде Алимбаев Абдикарим Карбекович Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын биринчи орун басары – Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын директору болуп дайындалды.
Анын ордуна Айбек Шаменов Президенттин Баткендеги ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды.
Шаменов буга чейин УКМК төрагасынын орун басары, атайын кызматтын алдындагы Терроризмге каршы күрөшүү борборун жетектеп келген.
Возможно, это изображение 1 человек


Соц.тармактарда бөлүшүү

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *