Президент Садыр Жапаров медиктердин айлыгын көбөйтүү боюнча жарлыкка кол койду

Соц.тармактарда бөлүшүү

Садыр Жапаров медиктердин айлыгын көбөйтүү боюнча жарлыкка кол койду
Документке ылайык, ушул жылдын 1-сентябрынан тарта дарыгерлердин маянасы 50%, орто медперсоналдыкы 20%, кенже тейлөөчү персоналдын жана тез жардам кызматынын айдоочуларынын айлыгы 10%га чейин жогорулатылат.
Президент айлыктын жогорулай турганын түшүндүрүп берген:
▪️Мурда алыскы аймактарда иштеген хирург 20 136 сом маяна алса, эми айлыгы көтөрүлүп, 20 миң сом компенсация кошулгандан кийин 50 205 сом ала баштайт
▪️35 481 сом алган анестезиолог, реаниматологдор сентябрдан тарта 73 миң 222 сом алып калышат
▪️Мурда 32 474 сом айлык алган педиатрга 68 миң 709 сом чыга баштайт
▪️Клиникалык ординатор мурда 1 200 стипендия алып келсе, 1-июлдан тарта 20 миң сом алып калат.


Соц.тармактарда бөлүшүү

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *