Президент Садыр Жапаров Элдик Курултайды өткөрүүгө сапаттуу даярдык көрүү тапшырмасын берди

Соц.тармактарда бөлүшүү

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров  10-октябрда, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетовду, Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын начальниги Азамат Кадыралиевди жана Элдик Курултайдын Катчылыгынын жетекчиси Мыктыбек Абдылдаевди кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө быйылкы жылы өтө турган Элдик Курултайды уюштуруу боюнча маселелер талкууланды.

Мамлекет башчысынын чечими боюнча түзүлгөн уюштуруу комитети календардык планды, иш-чаралар планын жана жер-жерлерде жооптуу жетекчилерди окутуу графигин бекиткени белгиленди.

Жолугушуунун жыйынтыгында Президент Садыр Жапаров кезектеги III Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө кабыл алынган Жарлыкка ылайык өз убагында тиешелүү сапаттуу чараларды көрүү тапшырмасын берди.

 


Соц.тармактарда бөлүшүү

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *