Президент кыргыз-тажик чек арасы боюнча комментарий берди

Соц.тармактарда бөлүшүү

Кыргыз-тажик чек арасынын талаш болуп келген жерлерин теңме-тең (50/50) бөлүштүк. Садыр Жапаров чек ара боюнча “Кабар” агенттигине комментарий берди:

-Илгертен талаш болуп келген жерлерди теңме-тең (50/50) бөлүштүк. Айрым жерлерди теңме-тең алмашуулар болду. Азыр кагаз иштери аяктоо алдында турат

-Эки өлкөнүн өкмөттөр аралык комиссиясы ишин аяктап кол коюп келишсе, тышкы иштер министрлери кол коюшат. Андан кийин парламенттерден ратификациядан өтсө эки президент кол коебуз. Ошону менен бүтөт

-Тажикстан менен чек ара посттору өкмөттөр аралык комиссия ишин бүтөрү менен ачылат, жергиликтүү элдин талабы ушундай болчу

-Мындан ары эки элдин ортосунда эч кандай талаш-тартыш болбош керек. Эки эл ынтымактуу жашасак, ошол өрөөнгө инвесторлор, туристтер агылып келет

Камчыбек Ташиев буга чейин кыргыз-тажик чек арасын тактоо иштери аяктап, жумушчу топторго жыйынтыктоочу документти даярдоо тапшырмасы берилгенин айткан. Ал такталган картография Кыргызстандын парламентине макулдашууга январдын аягына чейин киргизилерин белгилеген.


Соц.тармактарда бөлүшүү

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *