Бул тууралуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин директору Данияр Бостонов парламенттин комитетинде билдирди.
“Бул президенттик администрация менен макулдашылган. Бизде “Ош” аэропорту 5 жылда көчүрүлбөйт деген кат бар”, — деди Бостонов.
Эске салсак, 2023-жылы Ош жана Жалал-Абад шаарларында жаңы аэропорт курулары маалым болгон. Ал эми эски аэропорттордун ордуна заманбап турак жайлар салынып, ипотекага берүү каралган эле.